Интернет ааламында америкалык рэпер Эминемдин жана Рианнанын "The Monster" ырын аткарган тоту куштун видеосу бир күнгө жетпей жарым миллион көрүүгө ээ болду. Бирок бул көрсөткүчкө монтаждалган видеосу жеткен, ал эми нускасы 20-февралдарда жарыяланган. Андан бери аны көргөндөрдүн саны арбын болгон.
Видеонун авторлору тоту куштун ырдаганын Рианнанын ырдаганына алмаштырып коюшкан. Айрым колдонуучулар тоту куштун өнөрүнө жогору баа беришип, ырчыдан кем калбай ырдаганын жазышкан.
"Эмнеге бул тоту куш менден жакшы ырдайт? Рианна андан коркушу керек", - деген автор.