Бүгүн, 23-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Түркмөнстанда террордук топту колдоого алды деген кине менен түрк лицейинин мугалимдери соттолду. Бул иштер Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийинки териштирүүлөр катары сыпатталууда. Эске сала кетсек, 2016-жылдын жайында Фетхуллах Гүлендин кыймылы Түркияда төңкөрүш аракетин жасаганы айтылып, Анкара анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен өзү бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери Түркияда миңдеген адамдар Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деген шек менен камакка алынып, иштен бошотулган. Ошондой эле Түркия бийлиги Фетхуллах Гүленге таандык делген окуу жайлары ачылган мамлекеттерге кайрылып, аларды жабууну суранган. Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылаары айтылып келет. Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр Анкаранын суранычын аткарып, окуу жайларын жапкан. Мындан тышкары Стамбулдун прокуратурасы "Гүлендин террордук идеясын жайылтуучу окуу жайлары" деген тизмеге Кыргыз мамлекетиндеги "Ататүрк Ала-Тоо" университети да илинген. Бул жарыядан кийин аталган окуу жайы "террордук идеяларды жайылтууга тиешебиз жок" деп билдирүү тараткан. Кыргыз өлкөсүнө тиешеси бар адамдардын Гүлендин тарапташы деп кармалганы да маалым. Мисалы, өткөн жылдын сентябрь айында Түркиянын Зонгулдак шаарында "43 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн имамы, жеке ишкер Гүлендин тарапташы деп кармалганын" Түрк басылмалары жазып чыгышкан. Кийин ноябрь айында Стамбулдагы аэропортто 9,5 миллион доллар менен Кыргыз жараны кармалган. Жергиликтүү айрым басылмалар бул акчалар Фетхуллах Гүлендин адамдарына келгенин жазып чыгышкан. Кыргыз бийлигинин буга чейинки реакциясын эске алганда Кыргыз өкмөтү Түркмөнстан өңдүү Түркиянын жетегинде кетип, сапаттуу билим берген мектептерди жаап салбайт деп ишенүүгө болот...
Кыргыз жергесинде таштандыны автоунаадан көрүнгөн жерге ыргыткан адамдарга 10 миң сом айып пул салынып башташы мүмкүн. Тиешелүү демилгени Жогорку Кеңештин депутаттар тобу көтөрүп чыгышты. Алардын сунушу боюнча, турмуш-тиричиликтин таштандыларын атайын белгиленбеген жерлерге таштаган же өрттөгөн адам 40 саатка коомдук иштерге тартылат, же болбосо 10 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюм заттарды белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү 40 саатка коомдук иштерге тартуу же 20 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Эгер жаран бул кылыгын катайласа, ага 30 миң сом айып пул салынмакчы. Ошондой эле депутаттар массалык иш-чараларды уюштургандарды биодааратканалар менен камсыз кылууга милдеттендиргени жатышат. “Мындай ири өлчөмдөгү айыптардын киргизилиши айлана-чөйрөнү жакшыртууга, тартиптин, маданий деӊгээлдин, жарандардын жоопкерчилик сезиминин жогорулашына жана тартип бузуучулардын эсебинен бюджетти толтурууга көмөк берүүгө тийиш. Мисалы, Сингапурда кадимки эле кагазды таштанды челекке эмес, көчөгө таштаган адам 300дөн 1000 долларга чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилет”, - дешет эл өкүлдөрү. Мыйзам долбоорунун максатын жана маңызын депутаттар мыкты сүрөттөшүптүр, бирок мыйзам күчүнө киргенден кийин анын мыкты иштеп кетери күмөн жаратууда. 2015-жылы депутаттар көчөлөрдөгү таштандылар менен күрөшүү максатында айып пулду 2000 сомго чейин көтөрүшкөн болчу. Бирок мындан майнап чыкпаганын депутаттар өздөрү моюнуна алышууда. Жаңы мыйзам долбоорунун максаты, албетте, колдоого татыйт. Эң негизгиси ал мыйзам иштейби же кагаз бетинде калабы, маселе ушунда. Таштандыларды ыргыткан адамдарга айып пул салып же коомдук жумуштарга тартуу сыяктуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгардан мурун, таштандыны кайра иштетип чыгуучу ишканаларды куруунун жолдорун ойлонушса болмок. Ошондой эле башка майда шаарларды айтпай эле коёлу, ири делген Ош, Бишкек шаарларында калктын санына жараша жеткиликтүү урналар, таштанды челектер жетишсиз. Бул маселени чечип, андан соң айып пулду каалашынча көтөрүү туура болмок...