ЭЛДИК КАБАР: Жети-Өгүздөгү өтүп бараткан кыш мезгили (фото)

"Кабарларды окусам эле баары кылмыш-кырсык. Ошентип жатып өтүп бара жаткан кыш мезгилинин да сулуулугун баалабай келебиз. Мен өзүм жашаган Жети-Өгүздүн сулуулугун элге көрсөткүм келди", - деген окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 23-февралда сүрөттөрүн жиберди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Boika85.kg
2017-02-23 15:24:05
Касыеттүү атындан керемет жай,
Кыргызстан..
+4
akil.91
2017-02-23 15:30:56
Анча мынчада Колдун айылдарында жашагым келип кетет. Жети-Огуз кандай жашоого?
0
jigit.paren
2017-02-23 15:34:30
Атыңдан кагылайын Жети-Өгүзүм ушундай кереметтүү жер соорусунда төрөлүп өскөнүмө Аллахыма ыраазымын.
+2
NooKeN_KG
2017-02-23 16:07:08
Болот экенго, жакшы маанайды көтөрө турган жаңылык жөнөтсө!!! Өркүндөп өсө бер, Кыргызстан!!!
+4
Marianna77
2017-02-23 16:08:47
Жакшы кабар рахмат автор
+2
baltabai
2017-02-23 16:12:55
Жакшы Жан к экен го
0
jika.jika
2017-02-23 16:31:15
Саламатсыздарбы. Баарынарга рахмат. Мен бүгүн сайтка катталып ушул сүрөттөрдү жибергем. Админге чооң рааахмаааат. Жети -Өгүз керемет жер
+8
Eleko
2017-02-23 17:51:03
jika.jika,чндыгында сонун жер экен,азамат!
+3
surgeon777
2017-02-23 16:43:40
Автор азаматсыз!))
Ысык-Кол жерибиздин бермети...
+2
Nur1k
2017-02-23 16:56:20
Авторду тезинен жумушка алгыла супер.кж
+3
jika.jika
2017-02-23 17:51:19
Алса соонун болмок. Кесибим да филолог.
+4
Namystan
2017-02-23 20:32:45
Кандай кооз! Айтса соз жеткис!
0
jawoo-tataal
2017-02-23 20:35:33
Жети Огузум жаткан экенсин жайкалып. Туулуп оскон жерим керемет Жети Огуз Курорту.
0
Basko94
2017-02-23 23:40:08
Соонун
0
ainura220888
2017-02-24 00:18:49
Смартфон кетти)))) автор чоон рахмат. Кыргызымдын керемет жери.
+1
raia
2017-02-24 09:32:44
Жети-огузумун бир керемет кышкы кооздугун коруп,туулган жеримин сагынычы арты го чирикинн..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан