"Атанын керээзи" тасмасы Индияда өткөн фестивалда баш байгени утуп алды

Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы Индияда өткөн кинофестивалда дагы бир байгеге ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бакыт Мукул билдирди.

"Тасма Индиянын Патна шаарында өткөн фестивалда баш байгени утуп алды. Бул ирет Дастан Жапар уулу катышуу үчүн кетти. Албетте, катары менен байге алуу чоӊ сыймык", - дейт режиссёр.

Белгилей кетсек, аталган тасма 9-февралда Индиянын Бангалор шаарында өткөн фестивалда баш байгени утуп алган.

Ал эми өткөн жылы Минск шаарында өткөн "Листопад" эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка жана башка көптөгөн абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet_adi
2017-02-24 09:37:05
А түзүк
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан