Экономика министринин орун басары өлкөнүн экспортунун географиялык багыттары тууралуу айтып берди

Бүгүн, 24-февралда өкмөттө “2015-2017-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча өкмөттүн планын аткаруунун жүрүшү” боюнча жыйын өтүүдө. Анын жүрүшүндө Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров өлкөнүн экспортунун географиялык багыттары жөнүндө айтып берди.

Ал белгилегендей экспорт боюнча пайыздык көрсөткүчтө Швецария 42 пайыз болгон. Ал эми Казакстан 17, 8 пайыз, Орусия 8,1 пайыз, Түркия 5,8 пайыз, Бириккен Араб Эмираты 2,4 пайыз, Кытай 5,2 пайыз жана Улуу Британия 2,1 пайыз болгон.

“Азыркы учурда экспорттоо боюнча 1-орунда алтын, 2-орунда айыл чарба продукциясы, 3-орунда машина куруу өнөр жайы, 4-орунда жеңил өнөр жай товарлары турат”, - деди Элдар Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-91
2017-02-24 12:12:51
Машина куруу өнөр жайынын кандай продукцияларын экспорттошуп жатат??? Кызык???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан