2016-жылы тышкы соода төмөндөдү, бирок экспорттук жеткирүүлөр жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөттүн отурумунда экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы ички дүң продукциясынын түзүмүндөгү сооданын салымы 18, 4 пайызды түздү.
“2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы тышкы соода 1, 4 пайызга кыскарды. Бул жерден айтып кетчү нерсе экспорттук жеткирүүлөр 5, 1 пайызга жогорулады”, - деди ал.
Учурда өкмөттө 2015-2017-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча өкмөттүн планын аткаруунун жүрүшү боюнча экономика министринин баяндамасы угулууда.