Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенттери биринчи курста окуган Ильяс Ахунбаевге жарым миллион сом чогултууну чечишти. Ага баш мээсинде шишик бар деген диагноз коюлган. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда маалымдады.
"Ильяс фармацевтика факультетинде окуйт. Бүгүн окуу жайдын башкы корпусундагы фойеде анын теӊтуштары өздөрү жасаган таттууларды жана башка азыктарды сатууга алып чыгышты. Түшкөн акчаны студенттер Ахунбаевдердин үй-бүлөсүнө жумшайт. Жакын арада ал дарылануу үчүн Москвага жөнөп кетет. Операцияга жалпы 500 миӊ сом акча керектелет. Ильяс белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин тууганы эмес, болгону алардын фамилиялары окшош", - деп айтылат маалыматта.