Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Анда 200дөн ашуун адам катышууда. Ага депутаттар Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев да катышууда. Алар "Алмамбет Шыкмаматовго боштондук, мыйзам баарына бирдей!", "Атамбаев, репрессияны токтот", "КТРК, каралаганыңды токтот" деген жазуулары бар плакаттары менен турушат.
Активист Адил Турдукуловдун айтымында, бийлик саясий оппоненттерине куугунтукту жасап жатат. "Бүгүнкү күнү УКМКда бир гана Шыкмаматов эмес, бир топ адам бийликке каршы айтканы үчүн отурат. Биз аларды колдоо максатында чыктык", - деди активист.
Айта кетсек, учурда УКМКда депутат Алмамбет Шыкмаматов сурак берүүдө.