Кытайлык жигит сүйүктүүсүнө акчадан жасалган гүлдесте белек кылып, талкууга алынды

Кытайдын Чанчунь шаарынын тургуну сүйүктүүсүнө акчадан жасалган гүлдесте белек кылган. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.

Жигит 10 миӊ юань (100 миӊ сомдой) майда акчалар салынган баштыкты гүлдөр сатылган дүкөнгө алып келип, андан кагаз розаларын жасап берүүнү суранган. Дүкөндүн ээсине жигит сүйүктүүсүнө тоок жылынын жакшы башталышы үчүн ушундай кадамга барганын түшүндүргөн.

Бирок анын бул кылыгы кытайлык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкууну жаратып, көпчүлүгү терс пикирлерин билдиришкен. "Мен кыздын ордунда болгондо белекти албайт элем. Бул кемсинткенге барабар", "кийинки жылы эмне берет экен, 2-3 жылдан кийинчи?" деп жазган колдонуучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alinokka
2017-02-24 15:20:22
зор го)))
+2
Aytur
2017-02-24 15:38:19
куйоолорубуз ар бир айлык алганда ушинтип жасап берсе э
+4
ABDulHai
2017-02-24 15:45:25
Ozgocho kylaiyn degengo bala
+2
Hatali
2017-02-24 16:39:20
Эх кана мага жолдошум ошентип берип турса эч болбосо жыл сайын.....деп кыйалданып кеттим.
-1
Hakked
2017-02-24 20:06:24
ойдодо комментарий жазган айымдарды да куйоосу турсада сатып алсан болотда ушинтип белек кылып
+2
bond02
2017-02-24 21:50:20
Ушундай белекти кыялданган кыз келиндер жасанып алып Бишкекте Мадинага Ошто Таатанга баргыла.
0
Timon
2017-02-24 23:40:24
50 сомдуктан жасап берсе болчудай экен)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан