Башкы прокуратура 9-февралда Бакиевдерге тийиштүү мүлктүн аресттен чыгарылып, сатылышы боюнча мамлекеттик каттоо органына кылмыш ишин козгогон. Буга Бишкектин райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы мүлктү аресттен чыгаруу боюнча чечими прокуратурага 2,5 жылдан кийин берилгени, прокуратура кызматкерлери атайын соттук процесске катыштырылбаганы негиз болгону айтылган.
Соттук териштирүүлөрдөн кийин Скрябин көчөсү №45 дарегиндеги мүлк боюнча документтер да жасалма экени далилденип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда юрист Кайрат Осмоналиев маалымат жыйынында билдирди.
“Жогорку Соттон иш боюнча укук бузуу фактылары тууралуу түшүндүрмө чыкты. Негизи документтер жасалганда сандар өчүрүлүп, кайра жазылган. Ошол эле учурда соттун чечими Мамлекеттик каттоо кызматында жок болуп жатат. Жогорку Соттун төрайымы калыс баасын бериши керек эле. Ал жасалма иштерди колдоп жатат. Мындан ары биз өлкө башчысына гана кайрылышыбыз керек болуп калды. Мындай аракеттерге башкы прокурор Индира Жолдубаева кылмыш ишин ачышы кажет. Ошол эле учурда прокуратуранын аткарып жаткан түшүнүксүз иштерине баа берүү зарыл”, - деп билдирди юрист Кайрат Осмоналиев.
“Жогорку Сотто реформа жүрүп жатат. Бирок мындагы чечимдерди кандайдыр бир топтор улам-улам алмаштырып жатышат. Алар ар кандай жазуулар менен атамды мага бала кылып жатат. Индира Жолдубаева 2010-жылдагы көтөрүлүштөгү акыйкатсыздыктын баарын кайрадан карап чыкканы оң. Азыркы күндө кайра революция жасаш керек дегендер да бар. Кыңыр иш баары бир ачыкка чыгат”, - деп билдирди серепчи Бакыт Бакетаев.