"Коррупция", "Документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголуп суракка чакырылган А.Шыкмаматов 4 сааттан бери УКМКга сурак берип жатат. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамга боюнча сурак 4 сааттан ашпашы керек. Буга байланыштуу депутаттар Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошевдер эл өкүлдөрү катары Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик кызматынын төрагасы менен жолугушууга кетишти. Депутаттар митингчилерден тартип бузбоого чакырышты.
Андан соң депутат Каныбек Иманалиев: "УКМКнын төрагасы жана орун басары ордунда жок экен. Бизди кабылдамадан өткөрбөй коюшту. Сурак 4 сааттан ашып кетти. Дагы күтүп туралы", - деди.
Айта кетсек бүгүн, 24-февралда Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 200дөн ашуун адам катышып жатат.