Саламаттыкты сактоо министрлиги табып Хашим Зайналиевди жоопко тартуу жана мыйзам чегинде анын бейтапканасын жабуу боюнча сотко кайрылды. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Зайналиевге тиешелүү бардык материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Айта кетсек, 2016-жылдын июль айында Хашим Зайналиевдин дарылоосунан өтүп жаткан 56 жаштагы аял каза тапкан. Ал аялдын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББи кылмыш ишин козгогон, бирок ишти кароо октябрь айында токтотулган. Кийин "мыйзамсыз дарылоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге эч кандай лицензия берилбегенин жана анын ишмердүүлүгү мыйзамсыз экенин айтып келишет.