Бишкекте бүгүн, 24-февралда Кыргыз Профсоюздар федерациясына караштуу "Кыргызстан" санаториясынын директору Венера Маймендеевага карата нааразы болгон шаар тургундары маалымат жыйынын өткөрүштү.
"2010-жылы Венера Маймендеева аттуу жаран Чүй облусунун Воронцовка айылы тараптагы алма бактан жер алып берем деп 2 миллион 400 миң сом акчабызды алып кайтарып бербей жатат. Бүгүнкү күндө жер да жок акчабыз да кайтырылбай жатат. Буга чейин ар кандай шылтоолорду айтып качып жүрөт. Бул иш боюнча ИИМге кайрылдым. Бирок бүгүнкү күндө жыйынтык жок", - деп билдирди шаар тургуну Аяна Абдыжапарова.
Ал эми Роза Абдылдаева санаториянын директору мурда соттолгондугуна карабай жетекчилик кызматка алынганын айтты.
"Биз бул Маймендееваны жакшы билебиз. Ал буга чейин иштеп турганда каржылык кемчиликтерди көп кетирген. Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчиси Асылбек Токтогулов менен анын орун басары Ормон Жайлообаев экөө мурдагы директорду күчкө салып кетирип, Маймендееваны дайындап коюшкан. Ал бул кызматка тандоодон да өтпөй калган болчу. Ал мурда соттолгон эле, профсоюздардын жетекчилиги аны директор кылып дайындашкан. Анын үстүнөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылгам алар да ишти жаап койду", - деп билдирди Абдылдаева.
Ал эми Профсоюздар федерациясынын бөлүм башчысы Ормон Жайлообаев жогоруда айтылгандар боюнча өз оюн билдирди.
"Венера Маймендеева санаторияга 2013-жылы жетекчи болуп келгенден бери директор болуп иштеп жатат. Ал учурда соттолгон эмес эле. Биз санаториянын жетекчилигин дайындоодо республикалык гезиттерге жарнама бергенбиз. Демек, ал мыйзамдуу дайындалган. Ал эми калган коюлуп жаткан күнөөлөрүн мен билбейм", - деп билдирди Жайлообаев.
Мындан сырткары маалымат жыйынында пенсионер Любовь Васильева аттуу шаар тургуну да Венера Маймендеевадан жабыркап, "паспорт алып берем" деп ишенимине кирип, 2 миң АКШ долларын бербей жатканын айтты.