Ошто май куючу жайлардын биринин кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 24-февраль күнү эртең менен Оштогу Анар кичи шаарчасында болгон. Анда белгисиз адам 1983-жылы туулган жаранды учтуу нерсе менен башка жана ичке сайып өлтүргөн. Учурда тиешелүү экспертизалар дайыналып, кылмышка шектүү изделүүдө.
Маркум Ош шаарындагы МПА май куюучу жайларынын биринде улук оператор болуп иштечү.