Өткөн суткада Кыргызстанда 6 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада Кыргызстанда 6 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 2-майда ӨКМнын өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 1 жана Ош облусунда 1 өрт кырсыгы орун алды. Аламүдүн районунун Восток айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үй ээси С.Р. денесинен оор жаракат алган. Ошондой эле Москва районунун Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринен да өрт чыгып, кырсыктан 1962-жылы төрөлгөн Л.Э. аттуу үй ээси жаракат алды. Жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан