Жактоочу: "Боинг учагындагы жүк Атамбаевге таандык экенин далилдеген документтер бар"

Бүгүн, 1-мартта "Ата Мекендин" юристтери маалымат жыйын өткөрүштү. Анда жактоочу Таалайгүл Токтакунова өзүндө "кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаевге таандык экенин далилдеген документтер бар" деп билдирди.

Анын айтымында, Түркия мамлекети Боинг кырсыгы боюнча иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы чыккан.

"2017-жылдын 16-январында түркиялык жүк ташуучу учактын Бишкекте кыйрашы боюнча иликтөө жүргүзүлдү. Учактагы жүк, уюлдук телефондор, компьютерлер, электроника, акча, баалуу металлдар жана таштар Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен аны жубайына таандык болгон. Жүктү ташууну уюштуруунун башында каймана аты "Гремучая змея" делген Түркиянын жараны турган", - деп документти окуп берди.

"Ушул документти Боинг кырсыгын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасынын башчысынын орун басары катары парламенттин жыйынында кароону көздөп жаткан. Азыр комиссиянын курамында болгон Ө.Текебаев камалганына байланыштуу аны курамдан чыгарып, анын ордуна Каныбек Иманалиевди киргизүү боюнча партия чечим чыгарды", - деди жактоочу.

Андан соң Ө.Текебаевдин жазган кайрылуусун окуп берди: "Менин жактоочуларым Жакупбекова Чынара жана Токтакунова Таалайгүлгө. Менин Кипрге, Венага болгон сапарларымдын жыйынтыгында колума 2017-жылдын 16-январындагы Бишкектеги аэропортто болгон авиакатастрофа боюнча маалыматтар тийди. Тилекке каршы, аларды жарыялаганга үлгүрбөй калдым. Бул маалыматтарды ишеничтүү кишилер аркылуу силерге берем. Бул маалыматтарды коомчулукка жана депутаттык комиссияга жеткирип коюуңуздарды суранам".

Жактоочу: "Боинг учагындагы жүк Атамбаевдики экенин далилдеген документтер бар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан