Бишкек-Ош жолунда кайрадан кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары башталат

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары башталат. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 4 аймагында кар көчкүнү атып түшүрүү иштери башталат. Иш аракеттер үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан 7-мартка чейин жүргүзүлмөкчү.

Эске салсак, буга чейин 20-февралда башталган иш-чарада 1 миллион метр кубдан ашуун кар көчкү атылып түшүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан