Бишкек-Ош унаа жолунда 1 миллион метр кубдан ашуун кар көчкү атып түшүрүлдү

Өлкөдө унаа жолдорунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Аксуу районунда кар көчкүсүн атайлап түшүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Иш-чаранын алкагында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 47-чакырымдарында 8 артиллериялык снаряд атылган. Бирок кар көчкү түшкөн эмес. Ал эми Эңилчек унаа жолунда 50 снаряд атылып, көлөмү болжол менен 60 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Бүгүнкү күндө аталган аймакта атайлап кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чарасы аяктады.

"20-февралдан тартып, Бишкек-Ош унаа жолунда 101 снаряд атылып, көлөмү болжол менен 1 миллион метр кубдан ашуун кар көчкү түшкөн. Бүгүн Талас облусунун Өтмөк ашуусунда атайлап көчкүнү түшүрүү аракеттери улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан