"Саламаттыкты сактоо тармагында коррупция көбөйүп жатат", - деп КСДП фракциясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган тармакта реформа артка кетип жатат. "Коррупциянын эң кичинекей бөлүгүн айтайын, төрөт үйлөрүндө жарандар 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин акча берет экен", - деди депутат.
Эл өкүлү парламентте чечиле турган маселе сыртка чыгып кеткенин айтты. Саламаттыкты сактоо министрине каршы митинг чыгып кеткенин белгиледи.
Министр Талантбек Батыралиев: "Митинг уюштуруп жаткандардын артында кимдер турганын жакшы билесиздер", - деп жооп берди.
Момбеков кимдер турганын сурады. Бирок министр так жооп бере алган жок.