Оштогу "Тез жардам" кызматына нааразы болгон окурман бүгүн, 3-мартта SUPER.KGге WhatsApp аркылуу төмөнкүлөрдү билдирди:
"Учурда Ош шаарындагы мектептердин биринде практика өтүп жүрөм. Бүгүн бизде экинчи сабак учурунда бир окуучу кыз өзүн жоготуп, эсине келе албай баштаганынан, саат 8:41де 103кө чалып "Тез жардам" чакырдым. Окуучу кыздын ата-энеси, туугандары келген соң кечигип, саат 8:59да келишти. Ал аралыкта "Тез жардамга" караганда такси же пицца жеткирүү кызматы тез келмек.
Аларды күтүп калганыбыз үчүн кайра-кайра чалганга туура келди. "Эмне кеч келдиңер" десе, "тыгын болду" дешти. Бирок Араван көчөсүнөн Макаренкого келе турган аралык өтө жакын, 5-6 минуттук жол. Азыр го кыздын абалы жакшы. Кудай сактасын, абалы оор адам болгондо "Тез жардам" келишин күтүп отуруп көз жуммакпы?"
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.