КҮНСЕРЕП: Ак үй дарбазаларын бекемдөөгө киришти

Бүгүн, 3-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңеш 560 миң сомго дарбаза сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген жарыяга таянсак, 2 даана темир дарбаза алынат. Бир дарбаза үчүн 280 миң сом каралууда. Бул акчанын ичине дарбазаны жасоо, жеткирүү, эскисин чыгарып жаңысын орнотуп берүү иштери да кирет. Дарбаза жашыл-күрөң түстө, эстетикалык дизайнга ээ, герметикалык, коопсуз, колдонууга ыңгайлуу жана мамлекеттик стандартка жооп бериши керек. Дарбаза Жогорку Кеңештин жер төлөсүнө коюлат.
Коомчулукта дарбаза сатып алуу эмес, анын баасы суроо жаратты. Дагы бир ашыкча чыгымга жол берилип жаткан жокпу деген суроо жаралды. Анын үстүнө Жогорку Кеңештин мурдагы акча сарптоо аракеттери көпчүлүктүн эсинен чыга элек. 2015-жылдын сентябрында парламенттин Иш башкармалыгы 5 миллион сомго жакын акчага жаңы килем сатып алганы коомчулукта катуу талкууланган. 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сомго 120 кресло сатып алууга тендер жарыяланган. Бул аракет кызуу талкууну жаратып, кескин сындардан кийин парламент бул тендерди артка чакыртып алган. Бирок 2016-жылы жаңы креслолор баары бир сатып алынды. Парламенттин иш башкармалыгы отургучтар донорлордун акчасына сатып алынды деп, депутаттарга кайсы мекеме, уюм же компания демөөрчүлүк кылганы айтылбаган бойдон калган. Спикерликтен кеткен Асылбек Жээнбековго Ак үйдүн 3-кабатындагы үч бөлмө бириктирилип эки бөлмөлүү кабинет жасалып берилгени белгилүү болгон. Жээнбековго комфорт түзүүгө да бюджеттик акча жумшалды. Ошентип бюджет тартыштыгына карабай Жогорку Кеңеш өзүнө ыңгай түзүүнү улантууда...

Кыргыз жеринде онкологиялык оорудан каза тапкан балдардын саны өсүүдө. Маалымат КСДП фракциясынын жыйынында айтылып, депутаттар муну Бишкектеги онкология борборунун жетекчилеринин алмашуусунан көрүштү. Мисалы, 2013-жылы 6 бала, 2015-жылы 20 бала, 2016-жылы 26 бала каза тапкан. Дарыгерлер туура эмес дарылап, балдар химиотерапияда ууланып жатканын айтышты депутаттар. Саламаттыкты сактоо министрине тармактагы коррупция, кадр маселелери боюнча көп сындар айтылып, депутаттар "иштегиңиз келбесе, кызматтан кетиңиз" деген да сунуш киргизишти. Жыйында депутаттар "министр кызматтан кетсин" деген сунушту добушка коюуну сунушташып, Батыралиевди фракция лидери Иса Өмүркулов сактап калды. Өмүркулов министрдин ишине "канааттандырарлык эмес" деп баа берүүнү сунуштады. Ошентип министр “канааттандырарлык эмес” деген баа алуу менен, азырынча креслосун сактап калды.
Соңку окуялар Кыргыз медицинасында абал жакшы эмес экенин айгинелеп жатат. Мисалы, 2017-жылдын январында Ысык-Көлдүн Ананьево айылында дарыгерлер кош бойлуу айымды төрөтө албай, баланын башы чыккан абалда келинди Чолпон-Атага, күйөөсүнүн машинасына салып жөнөтүп жиберишкени учурда катуу сындарга туш болуп, иликтөө жүргүзүлүүдө. Чолпон-Атада врачтар эненин өмүрүн сактап калуу үчүн баланын башын кесип алууга аргасыз болушкан. 2016-жылдын соңунда Жалал-Абадда дарыгерлердин шалаакылыгы менен үчүнчү наристесин күтүп жаткан аял менен анын ымыркайы каза тапканы айтылган. Буга күнөөлөнгөн дарыгер да жазасыз калды. Мындай окуяларды ондоп, балким, жүздөп саноого мүмкүн. Бул окуялардын фонунда караганда министрликтин иши “канааттандырарлык эмес” деген баага да татыбай калат...

Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фонду Кыргыз мамлекети менен Орусиянын соода мамилесин өнүктүрүүнү артка тартууда. Мындай нааразычылыкты "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Буга жооп иретинде фонддун өкүлү жасалып жаткан иштерди атады.

Уставка ылайык, Кыргыз-Орусиялык өнүгүү фондунун каражаты 3 багытта жумшалышы керек. Биринчиси - Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо, экинчиси - өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүн жеңилдетүү, үчүнчүсү - өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилени өнүктүрүү. Бул фонддун башкаруу кеңешинин мүчөсү Эркин Асрандиевдин маалыматы. Уставдык капиталы 500 миллион долларды түзгөн фонддун акчасы эффективдүү пайдаланылбай жатканы өлкө башчысы тарабынан дагы, парламент депутаттары тарабынан дагы айтылып, эскертилип келет. Расмий маалыматка таянсак, 2017-жылдын 24-февралына карата фонд 300 долбоорго жалпы 41 миллион доллар насыя берген. Бул маалыматтар коомчулукту ынандыра албай жатат. Анткени аталган фонд кайсы ири долбоорлорду каржылап, ал долбоорлор кандай жыйынтык берип жатканын көпчүлүк билбейт. Өкмөт өзү да фонд берген акчанын үзүрү катары кайсы бир жетишкендиктерди көзгө басып көрсөтө албай жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан