Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 128 жаранга мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи өтүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев сыйлык ээлерин куттуктады. Өлкө жетекчиси бүгүн сыйлык алчу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды баса белгилеп, алар менен сыймыктанарын айтты.
"Мен мындай адамдар менен сыймыктанам. Булардан үлгү алышыбыз керек. Тилекке каршы, арабызда тоону томкоро турган эркектер ар кандай шылтоо айтып иштебей жүрүшөт. Кээ бири берки бөтөлкөсүн таап алып жыргап жүрүшөт. Жалкоолуктан уялыш керек. Айылымда бир байке бар, совет кезинде, Акаев, Бакиев маалында эле иши жок, үй-бүлөсүн бага албай жүрчү. Бүгүн деле ошондой. Атын айтпай эле коёюн, таарынат", - деди президент.