Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Айта кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган.