Булут арасындагы дене-түзүлүшү чоӊ адамдай көрүнгөн көрүнүш Африкадагы Замбия өлкөсүнүн Китве шаарындагы соода борборлорунун үстүндө жарым сааттан ашык турган. Бул "Гарри Поттер" китебиндеги коркунучтуу жандык - дементорду эске салган. Окуя тууралуу "Daily Mail" басылмасы кечээ, 6-мартта жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, булуттан адамдын сөлөкөтүндөй көрүнгөн көрүнүштү так байкоого болот. Мындай таӊ калычтуу атмосфералык кубулушка күбө болгон көпчүлүк коркконунан ар кайсы тарапка качып кетишсе, башкалары Кудайдын жиберген белгиси катары көрүп, сыйына башташкан. Сырдуу келбеттин узундугу 100 метрдей болуп, асмандан соода борборун карап тургандай көрүнгөнү маалыматтарда айтылат.