Кайрадан иштелип чыгып, MWC 2017 көргөзмөсүнө коюлган "өлбөс" Nokia 3310 телефону өтүп кеткен 2 жума бою техника дүйнөсүндөгү башкы жаңылык болуп турду. Ушундай эле легендага айланган телефондордун бири Motorola RAZR V3 бүктөмө телефону кайрадан техника рыногуна кайтмакчы. Reuters басылмасы Lenovo компаниясынын башчысы Яна Юанциняга шилтеме берип, бул маалыматты жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Кытай өндүрүүчүлөрүнүн Lenovo компаниясы мурдагы Motorola компаниясынын даңкын кайрадан жаратууну пландоодо. Мындай маалыматты MWC 2017 көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатып, Lenovo компаниясынын мобилдик бөлүмүнүн президенти Аймар де Ланксен билдирди. Анын айтымында, Motorola бренди менен чыккан телефондор заманбап талаптарга жараша кайрадан жасалып, бирок Lenovo бренди менен рынокко чыкмакчы.
Эске сала кетсек, Motorola RAZR V3 бүктөмө аппараттары 2004-2005-жылдары популярдуу болуп, ошол учурда көпчүлүк үчүн кол жеткис болгон. Анын эсине 2 же 3 мелодияга чейин батып, фотоаппараты башка телефондорго салыштырмалуу кыйла сапаттуу болчу. Мындан сырткары телефонго полифония, корпусу жарым жартылай металл деген мүнөздөмөлөр берилип, зарыл болгон органайзер тиркемелер менен камсыздалган.