Чет элдик басылмалар жаңыртылган Nokia 3310 аппаратынын мурдагы дизайнын сактап каларын, бир аз гана өзгөрүүлөр болорун жазып чыгышты.
Маалыматта жаңы чыгарыла турган аппарат оригиналынан жеңилирээк жана ичкерээк, ар кандай түстө болору айтылат. Ал эми анын диагоналы мурдагыга караганда чоңураак, экраны түстүү болмокчу. Мындан тышкары анда интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болуп, бирок үндү тунук угузуучу үчүнчү муундагы 3G түйүндөрүндө иштей алат.
Эскерте кетсек, өткөн жумада маалымат булактары Nokia 3310 уюлдук аппаратынын кайрадан сатыкка чыгарын жазып чыгышкан. Анда легендарлуу делген бул аппараттын баасы 59 еврону (4300 сомдой) түзөрүн, ошондой эле ушул жылдын 27-февралынан 2-мартка чейин өтө турган Барселонадагы "Mobile World Congress" көргөзмөсүнө коюлары маалымдалган.