Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бешинчи айылына барчу жолунун абалы тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 7-мартта кабарлады.
"Биздин айыл Өзгөндөн 30 чакырым, Ийри-Суудан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылга келчү жол өтө начар. Айылда башталгыч класстар үчүн гана мектеп бар. Ал эми жогорку класстагылар Ийри-Сууга барып окууга мажбур. Кыш мезгилинде калыңдыгы 1 метрдей кар түшөт. Жайкысын жаан жааса, унаалар жүрбөй калат. Жолго жок дегенде шагыл төгүп беришсе жакшы болмок", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.