Дмитрий Медведев: "ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү эч ким күч менен кармаган жок"

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү эч ким күч менен кармаган жок", - деп бүгүн, 7-мартта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында жасай турган иштер көп.

"2025-жылга чейин пландар жазылган. Экспорттор өстү, энергетика келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жетиштик. Биримдиктин алкагында бир топ жетишпегендиктер айтылып келет. Бирок биримдикке кээ бир мамлекеттер кирбесе, газды Европадан жогорку баада сатып алышмак. Эч кимди күч менен кармабайбыз, каалагандар биримдиктен чыгып кетсе болот", - деди Медведев.

Буга чейин Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков өз сөзүндө Орусия менен Беларустун бир топ келишимдери аткарылбай жатканын баса белгилеген.

Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан