Башкы прокуратура жактоочунун Боинг кырсыгындагы жүк тууралуу айтканы боюнча сотко кайрылды

Башкы прокуратура Боинг кырсыгындагы жүк тууралуу билдирүү боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп жатат. Тиешелүү материалдар Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилип, биринчи соттук угуу 16-мартка белгилениптир", - дейт Токтакунова.

Айта кетсек, 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан