Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылынын мектебине билеттер мажбурланып сатылып жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 8-мартта билдирди.
"Биздин мектепте Ташчайнардын иш-чарасына ар бир класска 9 билет тапшырылып, 540 сом бересиңер деп мажбурлап жатышат. "Кирсеңер дагы, кирбесеңер дагы акчасын төлөйсүңөр" деп жатат. Биз каршы чыксак дагы, "муну райондук билим берүү башкармалыгы айтты, аны аткарышыбыз керек" дешти. Биз эмне кылышыбыз керек, беш кол тең эмес да, биринин акчасы бар, бириники жок, бири кызыкпаса, бири кызыгат", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.