ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: Белгилүү обончу, аткаруучу Жеңишбек Шамшиев көзү тирүү болгондо 72 жашка толмок

Белгилүү обончу жана аткаруучу Жеңишбек Шамшиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 8-мартта 72 жашка толмок. Ал 1945-жылы 8-мартта Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. 1961-жылы орто мектепти бүтүп, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. 1966-жылы университетти бүткөндөн кийин Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. 1972-жылы Алайкуу өрөөнүнөн райондук айыл чарба башкармалыгынын башкы экономисти болуп көтөрүлүп, Райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, “Кара-Кулжа” совхозунун башкы экономисти, “Совет” совхозунун партиялык комитетинин катчысы, райондук мүлк фондусунун төрагасы, агрохимиялык лабораториясынын башчысы болуп татыктуу эмгек сиӊирген.

Жеңишбек Шамшиев Сооронбай Жусуев, Жолон Мамытов, Мидин Алыбаев, Барктабас Абакиров, Карымшак Ташбаев, Качкынбай Артыкбаев, Эсенгул Ибраев жана башка акындардын ырларына обон чыгарган. Көпчүлүк обондорунун сөзү өзүнүн калемине таандык.
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата чыгарган “Манас гимни” аттуу хору райондук кароодо биринчи, облустук кароодо экинчи орун алган. Хорду Кара-Кулжадагы мектеп-интернатынын окуучулары аткарышкан. "Манас гимнинин" сөзү Ашым Жакыпбековдуку. Ж.Шамшиев 80ден ашуун обон чыгарган. Алсак, ал обон жараткан популярдуу ырлардын катарына "Арнадым көлдүн жээгинен", "Таарынба", "Эсиңдеби", "Угузчу бир сөз" жана башкалар кирет.
Ал музыкалык көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө сиӊирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти" наамына 2003-жылы ээ болгон. Республиканын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КРнын Ардак грамотасы менен 2011-жылы сыйланган. Ал 2012-жылы катуу оорудан кийин 67 жашында каза болгон.

8-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан