"Бакыт Төрөбаевдин "парламент тарап кетели" деген сөзү популисттик болбосо "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы кетүү боюнча чечим чыгарып берсин", - деди Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров (сүрөттө) билдирди.
Анын айтымында, Төрөбаев VI чакырылыштын иши менен канааттанбай жатат.
"Бакыт Эргешевич улуу трибунага чыгып, "парламенттин, өкмөттүн иши жакшы жүрбөй жатат" деген сөзүн айтууда. Алар "фракция өзүбүздүн ыктыярыбыз менен кетебиз" деп чечим чыгарып берсин", - дейт депутат.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Бакыт Төрөбаев калыстыкка басым жасаганын айтты.
"Парламент тарайбы же тарабайбы убакыт көрсөтөт. Алдын-ала көз ачыктык кылып тыянак чыгарбагыла", - деди Мирлан Бакиров.
Эске салсак, Бакыт Төрөбаев Текебаевдин иши каралып жатканда парламенттин тарап кетишин сунуштаган.