Текебаевдин камактан бошотулушун талап кылган митинг аяктады. Митинг качан уланары белгисиз

18:17 Турсунбек Акундун SUPER.KG порталына билдиргени боюнча Текебаевдин абактан чыгарылышын талап кылган митинг бүгүнкү күнү аяктады. Митинг кайра качан уланары азырынча белгисиз.

17:47 Мурдагы Аскердик соттун имаратына коомдук транспортторго түшүп алып жөнөгөн кээ бир митингчилер, жарым жолдон Текебаевдин камакта калганын угуп алышып, тарап кетишти.

17:19 "Өмүрбек Текебаев 2 айга камакка алынсын!" деген Биринчи май райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту өз күчүндө калтырды.

17:01 "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып жаткан мурдагы Аскердик соттун имаратын көздөй бет алышты.

16:49 Учурда мурунку Аскердик соттун имаратында шаардык соттун көчмө жыйыны өтүүдө. Отурумда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралууда. Аскердик соттун алдына чогулган митингчилер жок. Милициялар имаратты кайтарып турушат.

16:46 Садык Шер-Нияз: "Суукка карабай келген элдин кайраты сынбайт. Бийлик кайсы сотто иш каралып жатканын айтпай ойнотуп жатса, биз, эл тарап кетпей кайраттанышыбыз керек. "Ата мекен" партиясы тайгак жол, тар кечүүдө сыналган партия. Митингчилердин саны дагы көбөйөт. Бийлик көз боёмочулук, жалган жалаа менен иш аракет жүргүзүп жатат. Бийлик "Ата мекенге" КТРК аркылуу жугунду куюп жатат. Бирок таң калыштуусу ага эл ишенбей жатат. Бүгүн чындыкты айтпасак, эртең ал өлөт. Элдин алдында тизе бүгүп таазим кылам".

16:38 Алманбет Шыкмаматов: "Бийлик Текебаев менен Чотоновду сындыруу аракетин көрүүдө. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Бүгүн элге, саясатчыларга басым жасай албайт. Эл жеңет".

16:35 Митингчилер "Ала-Тоо" аянтына келип токтошту. Алар "Атамбаев кетсин!", "Текебаевге боштондук!" деп кыйкырып жатышат. Ошондой эле саясий куугунтуктун курмандыктары бошотулсун деген талаптарды айтууда.

16:15 Өмүрбек Текебаевди колдоп келген митингчилердин катарына буга чейин камалган Улуттук оппозициянын өкүлдөрүн коргогон кыймылдын өкүлдөрү келип кошулду. Митингчилер борбордук аянтты көздөй бет алышты. Алардын болжолдуу саны 400гө жакын.

16:11 Аида Салянова: "Улам бирибизди, мени, Шыкмаматовду суракка чакырып, канчалаган башка адамдардын үстүнөн дагы саясий куугунтук болуп жатат. Бирок эртеби, кечпи, биз бул жалаалардан ак чыгабыз. Мунун баары аныкталат".

16:05 Шаардык соттун алдындагы милициянын бир тобу Жогорку кеңештин имараты тарапка кетти. Ал эми Москва көчөсүндөгү эл менен Токтогул көчөсүндөгү митингчилер кошулушту. Бирок митингчилерден Ак үй тарапка баскан эч ким болгон жок.

15:56 Асия Сасыкбаева: "Текебаевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отуруму Аскердик соттун имаратында өтөт экен. Алар элди алдашты эл шаардык соттун алдында турат. Мына милиция кызматкерлери деле берилген буйрукту аткарып коюшуп, кенебей турушат".

15:51 Москва көчөсү тараптан Каныбек Иманалиев баштаган митингчилер Токтогул көчөсүнө соттун имаратына өтүүгө аракет кылышты. Бирок милициялар аларды өткөрбөй койду.

15:45 Турсунбек Акун: "Милициялар өздөрү жолду тосуп алганы туура эмес. Текебаевди террорист катары кармашты. Дүйнөлүк коомчулук Текебаевге "абийир туткуну" деген ат коюу аракетин көрүүдө. Качанкыга чейин митинг менен жашайбыз. Тынч жашасак болобу. Өмүр бою митинг менен жашап жатам".

15:43 Митингге чыккандардын катарына Асия Сасыкбаева, депутат Каныбек Иманалиев жана укук коргоочу Турсунбек Акун келип кошулду. Ошондой эле митингчилердин катарында депутаттар Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов да жүрүшөт

14:49 Бишкек шаардык сотунун имаратын милиция кызматкерлери курчоого алышты. Орозбеков көчөсүндөгү соттун имараты жайгашкан бөлүгү темир тосмо менен жабылып турат.

14:42 Өмүрбек Текебаевди колдогон митингчилер Бишкек шаардык сотуна жөнөштү. Алар колдоруна "Чындык Атамбаев үчүн сасык жыттанат!" деген сөздөр жазылган плакаттарды кармап алышкан.

13:51 Митингчилердин катарына депутат Наталья Никитенко келип кошулду. Жалпы кишилердин саны 50гө жетти. Арасында пенсия курагындагы аялдар да бар.

12:59 "Ала-Тоо" аянтына Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулуп баштады. Учурда аянтка 10дон ашуун адам келди. Алардын айтымында, депутатты колдогондор Бишкек шаардык соттун имаратынын алдына дагы чогулушат. Мындан сырткары аянтка жакын жерге 100дөй милиция кызматкерлери келди.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышты. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевди колдогон 400дөн ашуун митингчи "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин билүү үчүн митингчилер Биринчи Май райондук сотуна, УКМКга келишкен. Жактоочу Чынара Жакыпбекова Ө.Текебаевдин жана соттун коопсуздугу үчүн баш коргоо чарасы мурунку Аскердик сотто каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылганын айткан.

28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айткан.

Текебаевди колдогондор шаардык соттун алдына чогулушту 09.03.17
Текебаевди 2 айга камакка алуу чечими күчүндө калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
barakcha
2017-03-09 16:54:42
Чындыкты айткандарды бийлик жактырган эмес!О.Текебаевге боштондук!!!Ак ийилет,бирок сынбайт!Биз сиз менен О.Чиркешович!
+13
lesa123
2017-03-09 17:08:12
Вор должен сидеть в тюрьме! Элдин башын айлантпай
-17
evra_kg
2017-03-09 17:14:49
Президент болбосода чыкса жакшы болот еле анча мынчасын чукуп турганы еми камашы камап алып чыгаргандан коркуп олтурса керек
+12
Adiletto
2017-03-09 20:09:55
lesa123
Вор атамбаев. Вор болгон учун мульти миллионер болуп атпайбы. Ак эмгек менен байыгандай атамбаев эмне кылды. Акаев деле айтып ататко чынгыз айтматовду алдап кеткенин
+11
gulmira12345
2017-03-09 17:16:22
бирин кайын бирин тал
бирин олуп бирин кал
бирок бирок кыргыз деген улуу калк экен озубузду озубуз талаалап иштеп багып жатавыз керек болсо майыптарга операциясына чейин калк которуп атат коп тукурсо кол болуп электр энергияны мисалы мен айына 100сом жагам уномдойм чондор 30миндик жагышат аны2толобой интернетте журот керек болсо ошону дагы карапайым калк толойт деги койчу айта берсен арман коп деги кыргызстан онолобу алакандай 6миллион калпыз коп деле эмеспиз деги элди тынч койгцлач
+7
evra_kg
2017-03-09 17:32:27
Миллион доллар пара алып еки айга камалса жакшы го 150 сом урдап омур бою камакта олтургандар бар
+1
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-09 17:36:58
Текебаевди камап салганы туура эмес деп чет элдик серепчилер деле айтып жатышат.болгону туура эмес экенин биз эле айта албай жатабыз.Мисалы мен Текебаевди же бир депутатты колдоп жаткан жерим жок.Кыргызстандын жаранын коргоо максатында колдоп жатам.Ошол Майсовский эмнеге 7- жылдан кийин дүрбөлөң кылып жатат.Пара берген үчүн деп акчаны берген адам да айыпка тартылуусу шарт.Кыргызстан өзүнүн жаранын коргобой кордоп жатканы туура эмес.
+12
meni_kut
2017-03-09 17:45:44
Abdyrashit.Satylganov,пара алганы чын экен,озун актай албаса.
-8
Asedullah1996
2017-03-09 17:51:00
Кайран элбизде кайран.Мындай кысымдар илгертеден эле бар.Тарыхтада чындыкты айткандарды сибирге сургунго айдашкан бирок алар тируу тарых барактарында.Текебаев чындык деп чыркыраган адам.Аллах колдосун сабыр кылыныз.Баардык нерсенин чекити бар озунуз айтмакчы баары ачылат.
+3
Namystan
2017-03-09 19:46:25
Asedullah1996, мен кошулбайм азыркы заман менен репрессия заманын салыштырып болбойт, ушунчалык политикти кантип эле камагысы келсе эле камап салсын, анын деле тили барда суйлоп жатса керек. Эгерде албаган болсо акталат, эч ким айткан жокко алган эмес, башка президентке жолуккан эмес деп.
+2
Дарыгер
2017-03-09 17:50:29
Атамбаев туура кылды. Ууру турмодо отуруш керек. Жана кого уурдашкандарды да камаш керек. 80 баланын арбагы кечирбейт. Ошол 80 баланын арбагы Текебаевди да кечирбейт аларды чогуу олумго туртушкон. Убактылуу окмоттун мучолору баары куноолуу
-6
MinuTolik
2017-03-09 17:51:18
Tim ele mitingge chykkandaryn uialbai azyr chyndykty aitsan chychalawat. Wailoodo bolbogon akchaga satylyp dobuw beriwet baary anan ele ketsin ketsin dep mitingge chygywyn biliwet. Owol mitingge chykkandar oz kaaloosu m.n chykty dep oiloisunarby? Alarda bolbogon akchaga ajyldawyp turuwat.
-9
ukmuw-ukmuw
2017-03-09 19:23:59
Силерге соз жок екен жанакы митингдин дежур аялдары да быякта уят болуп калгыдай!!!
-10
Arsenal2
2017-03-09 19:25:54
Карапайым эл да кызык да неге чыгат митингге эртен Текебаев бошонуп чыкса ушуларды ойлойт бекен.Бир проблеманар менен киргилечи Текебаевге силерди карабайт дагы
-10
Namystan
2017-03-09 19:37:40
Боордошторум, Мекендештерим бизде туруктуулук болмойунча эч качан алдыга жыла албайбыз, экономика туруктуулукту суйот, болбосо бизге чет жерден инвестиция келуусу кумон. Чынын айтсам качан болбосун ызы-чуу Кыргызстанга баргандан кеткеним бат, анткени биз чет жерде билим алган жаштарданбыз, туруктуулук болбосо бизге виза алуу да кыйын. Митинг бул элдин али да эле карангы экенинен кабар берет, чет жерде болбойт, болсо да по делу анан бир кун, бутту ошол жетет. Кыргызстаным дайыма тынч болсо экен.
-4
ukmuw-ukmuw
2017-03-09 20:10:25
Namystan,молодец мына чыныгы илимдуу адам мынагыларга ушунтип айтпасан жетпей ызы чуу болсо еле жыргап кетчудой болуп турушат ком жазгандын кобу россияда илим билим дегенден дайын жок кее бири окууну бутпой кеткен
+1
Adiletto
2017-03-09 20:15:05
ukmuw-ukmuw,
Сен супер укмуш кошоматчы адам экенсин.
+5
ukmuw-ukmuw
2017-03-10 12:06:00
Adiletto,кошаматтык емес туура суйлогонду туура деш керек да бизде канда бар да жаманды деле жакшыны деле коро албастык!акылынар жетсе талдап тушунуп алмаксын да
+1
temirov76
2017-03-09 22:56:31
ukmuw-ukmuw,сен билимдүү болсоң ошол россияда жүргөн мекендештерибиз өз жерибизде иштебей бөтөн жерде неге иштеп жүрөт деп бир аз акыл жүгүртүп көрбөйсүңбү?
+1
anyshka
2017-03-09 23:17:47
Namystan,намыстан чынында ошондой. Бирок бийлике келген эле кишки жон сыйы мн кетпей атпайбы. Байкуш эл анан эмне кылсын. Айлыгындын жарымыле свете кетет. Торт бурчун налог.зар.пл аз. Мисалы айыл жерде жетишпеген врачтар коп.эчким 6-7 мир сомго иштебейт айтор проблема токой.
+2
anyshka
2017-03-09 23:17:50
Namystan,намыстан чынында ошондой. Бирок бийлике келген эле кишки жон сыйы мн кетпей атпайбы. Байкуш эл анан эмне кылсын. Айлыгындын жарымыле свете кетет. Торт бурчун налог.зар.пл аз. Мисалы айыл жерде жетишпеген врачтар коп.эчким 6-7 мир сомго иштебейт айтор проблема токой.
+2
Asedullah1996
2017-03-09 20:20:26
Акаев ажобузду 50миллион$ жеген деп айттыго эмнеге ага кылмыш иши козголбойт?да сырттагы орус айтса эле кылмыш иши козголот чындыкты бетке айткан лидерибизге
+14
Nurkyz1977
2017-03-09 22:46:50
Asedullah1996,эн туура кайдагы бир орустун созу боюнча аябай оор кылмышкерди кармагандай кармап камоо туура эмес. Эгер закон ушундай ушактарга иштей турган болсо анда Акаев деле Атамбаев убагында Борис Ельцин берген акчаны алып маданиятка керектейбиз деп завод фабрикаларды сатып алып озуно менчиктеп алган,кийин Чынгыз ага акчаны бербей жатат алганга жардам бер деп мага кайрылганынан Атамбаевти ошол акчаны кайтар десем мага каршы чыгып опозицияга отуп кетти деди го.
+6
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-09 20:43:10
Атамбаев элдин ар бири учун жооп бере турган киши иш менен камсыздап башка кылып элин коргоого милдеттуу ак болуп. Ойлошотго президент болсом эле болду деп кудай туз жол корсотсун баарыбызга
+7
Nurkyz1977
2017-03-09 22:59:59
Закон баардык адамга бирдей иштей турган болсо анда Акаевтин айтуусу боюнча Атамбаевке да кылмыш ишин козгошсун. Ажобуз озу айткандай уурунун орду турмо ак уй эмес. Акты караны убакыт мезгил ылгап таразалап коет,кундун тени жарык тени карангы,убакыт токтобойт заман алмашып доор озгорот ошондо азыркы маскачандардын чыныгы жузу ачылат. Текебаев акча жеп элдин акчасын алса анда ал деле эмдигиче мульти миллионер болмок,элден чеккенге тамеки,машинасына бензинге акча сурабай эл билет эл таразадегендей
+4
surgeon777
2017-03-10 10:57:41
митингге чыккандарга канча толоп атышат,ким билет?)
0
gordaya
2017-03-11 10:22:42
Деги биржакшы башчыга жарыбадык, кайсы бир жерден окудум, Таджикистандын карызы учун кайсы бир жерин кытайлар алып койгон имиш, азыр кытайлардын солдаттары ал жерде геологиялык изилдоо жургузуп жаткан имиш, коркуп кетип атам(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан