Өмүрбек Текебаевди 2 айга камакка алуу чечимин шаардык сот күчүндө калтырды

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун эки айга камакка алуу чечимин өз күчүндө калтырды.

"Шаардык сот Ө.Текебаевди 25-апрелге чейин СИЗОдо калтыруу чечимин чыгарды. Эртең Жогорку Сотко арыз менен кайрылам. Соттук отурумда бизге дагы сөз берилди, бирок соттун өкүмүнө ал тиркелбептир. Ө.Текебаев 15 мүнөттөй сүйлөп, күнөөлүү эместигин айтты. "Маевский сүйлөштүк деген күндөрү мен башка жолугушуулар менен жүргөм, айыптоосу логикага жатпайт" деп билдирди", - дейт жактоочу Жакыпбекова.

Ө.Текебаев менен судьянын коопсуздугу үчүн соттук процесс мурунку аскердик соттун имаратында өткөрүлдү. Райондук соттун отуруму дагы ушул негизде мурунку аскердик сотто өткөрүлгөн.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышкан. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айткан.

Текебаевди 2 айга камакка алуу чечими күчүндө калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Barchynbek
2017-03-10 19:18:58
Ош базардагы радио изилдеги элдерди эле акча берип чогултуп алышканго.башка адамдар барбайтта.тажашты ушу митингтен.булардан пайдада чыкпайт.булардыкы бизнеске айланып калган митинки
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан