КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргыз өлкөсү 15 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны боюнча 1-орунда, 17 жашка чейинкилер арасында 2-орунда. Мындай маалыматты "Аялдар тынчтык банкы" фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова билдирди.
Анын айтымында, акыркы 3-4 жыл аралыгында кыздардын эрте никеге туруусу күн санап өсүүдө. Өлкөнүн өзгөчө түштүк жергесинде бул маселе орчундуу болууда.
"Кыргыз жеринин түштүк аймагындагы өзбек тилдүү жашоочулар кыздарын эрте эле турмушка беришет. Чүй өрөөнүндөгү уйгур, дунган улуттарынын кыздары да никеге эрте турушат. Акыркы жылдары кыргыз кыздарынын арасында мектепти бүтө элек учурда эле турмуш кургандар көбөйдү. Биз бул көйгөйдүн себептерин иликтеп чыктык: тышкы миграциянын күч алышы, ата-энелердин жоопкерчилигинин азаюусу, жашоочулардын социалдык-экономикалык абалы", - дейт Г.Абытова.
Ал белгилегендей, мындай көрүнүштүн кесепетинен ажырашуулардын саны көп болууда. Кыздар жаш болгондуктан кайын журтуна мамиле жасоону билбейт, никесин мыйзамдаштырбагандыктан балдарына күбөлүк ала алышпайт. Бул маселе балдарга жөлөк пул алууда тоскоолдуктарды жаратат.
"Мен ачык эле айтайын. Мектепти бүтпөй турмушка чыгып кеткен жаш кыздар улуттук генофондду бузат. Алардын жатыны кичинекей болгондуктан салмагы да, бою да кичинекей балдар төрөлөт. Ал балдар көп ооруларга чалдыгуусу мүмкүн. Муну менен катар эле эрте турмушка чыккандарда жетиштүү билим жок болгондуктан, балдарына туура тарбия берүүдө да аксашат", - деп кошумчалады Г.Абытова.