Бүгүн, 10-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге коюлган импичментти колдоп, аны кызматтан кетирди. Түштүк Кореянын парламенти президентке 2016-жылдын декабрында импичмент жарыялап, ага 300 депутаттын 234ү добуш берген. Ал эми тергөөчүлөр президенттин паракорлукка, бийлигин кыянаттык менен пайдаланууга катыштыгы бар экенин айтышкан. Конституциялык соттун чечими өлкө лидери үчүн акыркы мүмкүнчүлүк эле. Парламент тарабынан импичмент жарыяланган соӊ Пак Кын Хе кызматтан четтеп, бирок формалдуу түрдө президент бойдон калган. Эгер импичмент соттон колдоо таппаса, анын мөөнөтү 2018-жылы бүтүп, президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында өтмөк. Ага жол берилген жок. 8 судья теӊ импичментти колдоп, президентти токтоосуз отставкага кетирүүгө добуш беришкен.
Ошентип алдыдагы 60 күндүн ичинде жаңы президент шайланганы жатат. Түштүк Кореядагы окуянын жыйынтыгы - бийликтин ээси эл экенин далилдеди. Президенттин жакын курбусу "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанган жаӊжал, мамлекетте тарыхый бурулуштун себепкери болду. Жүз миӊдеген нааразы адамдын үнү парламентке, сотторго жетти. Бирок Конституциялык соттун чечими абалды курчутту. Чечимге каршы Пак Кын Хенин тарапташтары митингге чыгышып, өлкө шаарларында баш аламандыктар орун алууда. Канткен күндө да соӊку окуялар баарынан мурда Түштүк Кореянын кийинки президентине сабак. Бийликтин үстүнөн элдик көзөмөлдүн жеӊиши, өлкө жетекчилигинин, чиновниктердин мыйзамга баш ийүүсүнүн үлгүсү катары тарых барактарында калары шексиз...
Кыргыз Республикасында бир дагы медресе билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган эмес. Маалыматты 10-мартта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламентте КСДП фракциясынын жыйынында айтты. Медреселер толугу менен муфтияттын көзөмөлүндө. Андагы окуу программасы муфтияттын алдындагы Уламалар кеӊеши тарабынан бекитилип, ага ылайык светтик: тарых, информатика, кыргыз тили өӊдүү предметтер да окутулары айтылды. Айрым депутаттар баарын муфтиятка жүктөп койбой, медреселерди да мамлекеттик билим берүү системине кошуу жолдорун карап көрүүнү сунуштап жатышат.
Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы башкарууга дин аралашпаган, светтик мамлекет. Бирок терроризм, экстремизм коркунучтары мамлекетти динге көзөмөлдү күчөтүүгө түртөт. Башкы суроо - медреседе өспүрүмдөргө дин туура багытта түшүндүрүлүп жатабы? Туура эмес жолдогу диний уюмдар жаштардын аӊ-сезимине тескери маалыматтарды сиӊирип жаткан жокпу? Өлкөдө 70тей медресе, 2 миӊден ашуун мечит бар. Бир эле Ысык-Көл облусунда диний багыттагы 180 мекеме болсо, мунун ичинен 55 уюм дин иштери боюнча мамлекеттик органдын каттоосунан өтпөгөнүн облус жетекчиси маалымдады. Өлкө боюнча караганда мындай уюмдар жүздөп саналат. Мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков өлкөдө орто билим алуу милдеттүү экенине карабай, айрым ата-энелер диний көз карашынан улам балдарын мектепке жибербей жатканын айтты. Мамлекет динди жээрибей колдоого алып, ошол эле учурда көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын Сирия, Ливия өӊдүү өлкөлөрдөгү абал көрсөтүүдө...
Башкы прокуратура Азаттыкты жана Заноза сайтын жоопко тартуу боюнча экинчи ирет сотко кайрылды. Сотко берүүгө Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары боюнча алынган комментарийлер негиз болгон. Бул аталган ММКлардын үстүнөн 3 күндүн ичинде жазылган экинчи арыз. Биринчи арызда Башкы прокуратура Текебаевдин жактоочусунун Боинг кырсыгындагы жүк тууралуу айтканы боюнча сотко кайрылган эле. Жогоруда аталган ММКлар юристтерге шилтеме берип "Боингдеги жүк Атамбаевге жана анын жубайына таандык" делген документтерди жарыялашкан. Текебаевдин Кипрге барганы тууралуу берген комментарийи, юристтердин Боингдеги жүк боюнча билдирүүсү "президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет" деп бааланууда. Бул үчүн Азаттык 20 миллион, Заноза 6 миллион сомго доого жыгылышы мүмкүн. КСДП партиясы 24.кг сайтын сотко берип, 1 миллион сом компенсация төлөтүүнү көздөөдө. 24.кг укук коргоочу Рита Карасартованын "КСДП кызматтарды сатып жатат" деген пикирин жарыялаганы үчүн күнөөлөнүүдө.
Буга чейин оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалын интернет аркылуу көрсөтүү да белгисиз себептерден улам үзгүлтүккө учурап жатканы айтылып, нааразылар чыккан. Ошол эле учурда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен, республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик ММКларды "бир жактуу маалымат таратууда" деп күнөөлөгөндөр да бар. Негизи демократиялык мамлекетте сындарга, ар түрдүү көз караштарга орун берилет. Сөз эркиндигине чектөө киргизүүнүн аягы жакшылыкка алып келген эмес. Бакиевдин тушундагы ММКларды, журналисттерди кысымга алуу фактыларын мисал кылууга болот. 2009-жылы журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп кетишкен. 2010-жылы бийликке келгендер Павлюктун демократияга, сөз эркиндигине кошкон салымын моюнга алышып ага эстелик коюшкан. Ортодо эстелик уурдалып, көп өтпөй жараксыз абалда табылган. 2012-жылы Павлюктун эстелигин калыбына келтирүүгө президент Алмазбек Атамбаев жеке каражатынан акча бөлгөн...