ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Ош жолунда Портерди күйүүчү май ташыган унаа сүзүп бир адам каза болду

Бүгүн, 11-мартта саат 15:00дөр чамасында Бишкек-Ош жолунда Портерди күйүүчү май ташыган унаа сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Кырсыкта Портердеги 3 адамдын 1өө ошол жерден каза тапкан. 2өөнү оор абалда ооруканага алып кетишти. Портердегилер мал алып бара жатышкан. Малы да өлдү. Күйүүчү май ташыган унаа күнөөлүү", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкек-Ош жолундагы кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Benazir08
2017-03-11 19:22:09
Ииий шоферлор каерде болсо жолдору ачык болсо экен. Техника деп коет ким эле куноо кылып сузойун десин.
+7
CEO
2017-03-11 22:46:27
Ошол май ташыгандарга тыю салуу керек. Майды поезд менен ташышсын. Бийликтин башы болгондо дагы бир Ош-Бишкек кара жолун кургуча темир жол курса болмок....
+5
baltabai
2017-03-11 23:22:32
Jatkan jeri jailuu bolsun
Aidoochular akyryn aidagylachy suranych
Kiche jakyn kylyp tarsan bolot ele
+2
Parish
2017-03-12 08:49:56
Куноо май ташыган автодо,карагылаычы тормоздун ийизи портердин жолунда турат.
0
Rifle_I
2017-03-12 11:06:17
Май ташыгандар гонкада ойногондой айдашат .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан