ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Тоо-1 конушунда унаалар жарышып бара жатып, велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кетишти" дейт окурман

Кечээ, 11-мартта Ала-Тоо-1 конушунда жарышып бара жаткан унаа жөө жүргүнчү өтө турчу жолдон велосипед менен бара жаткан баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу аталган конуштун жашоочусу, окуянын күбөсү SUPER.KG порталына бүгүн, 12-мартта WhatsApp аркылуу билдирди.

"Кырсык кечээ саат 19:30дар чамасында Ала-Тоо көчөсүндө болду. Унаанын айдоочусу баланы көрүп, токтотууну аракет кылыптыр, бирок 74 метрге чейин токтобой, баланы сүздү. Кокустан эле келе жаткан "Тез жардам" унаасы баланы салып кетти. Тилекке каршы, бала ооруканага жетпей каза болуптур. Ал эми сүзгөн убакта чакырган "Тез жардам" кызматы 40 мүнөттөн кийин келгенин айтышты. Жарышып бара жаткан балдар ага-ини экени айтылууда", - деди окурман.

Бул окуя тууралуу Бишкек шаардык патрулдук кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев маалыматы жок экенин айтып, дүйшөмбү күнү тактап берерин кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2017-03-12 11:57:20
Айланайын айдоочу алтымыштан ашпагын пешехотто шашпагын абайлап айдаса экен Аллахым Озу сактасын кырсык каш кабактын ортосунда.
+5
BarsBaatyr
2017-03-12 13:56:59
Карапайым калктын эсебинен байлык топтоп,ал байлыка балдары көөп,эч нерсени көзгө илбей калгандын кесепети бул дагы болсо.Эртең эле эч нерсе болбогондой жазадан оңой эле кутулуп кетишет.Өлгөн баланын жакындарынын гана шору.Сабыр тилейбиз.Күнөөлүүлөрдүн жазасын Аллахым өзү берет.
+4
ady-88
2017-03-12 14:56:53
Бизде иим жана соттордун ставкалары бар экен кылмыштан бошонуу учун. Мисалы уурулук же бейбаштык кылсан 1000доллардан 5000долларга чейин акча берсен бошотот. Адам олтуруу жана ошондой эле зордуктоо боюгча 10000доллардан 30000долларга чейин берсен бутту бошотот. Бизде ушундай болуп жатса анан кайдагы акыйкатты айтат
+2
Gul14kA
2017-03-12 17:37:44
Бай болгурлар ! Жол эрежесин бузбагылачы деги. Канчалаган омурлор кыйылып кетип жатат.
0
baltabai
2017-03-12 19:06:39
Jindigo aidoochu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан