Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы 28-радиорелейлик станциясынын кызматкерлерине өткөн жылдын ноябрь айынан бери кечкисин Алиса аттуу түлкү келип тамактанып кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 13-мартта окурманыбыз Амангелди Бүдүров кабарлады.
"Биз жашаган жакта кардын бийиктиги 1 метрден ашып, терезенин жарымына чейин келет. Алгач түлкүнүн издерин гана көрчүбүз. Бир күнү терезени ачып, нан таштап койгом. Нанды жеп кетип жатты. Дагы бир күнү балдар "түлкү жүрөт" деп калышты. Ошентип акырындык менен нан жеп, бизди терезеден карап туруп калчу болду. Аны өзүбүзгө көндүрүп, үйгө чейин киргизип калдык. Акырын кыймылдасаң жүрө берет. Өзүбүзгө тамак жасап жатканда ага да, ашыкча жасайбыз. Келип тамак ичет, кааласа телевизор көрүп кетип калат. Эшигибиз жабык болсо, тырмалап, дабыш чыгарат. Күндүз келбейт, бүркүттөн коркот окшойт. Азыр 2-3 күндө бир келип калды", - деди А.Бүдүров.
Ошондой эле окурман түлкүнүн жынысы белгисиз экенин айтып, болжол менен 1 жылдык экенин кошумчалады.
"Түлкү кыйтыр да, бизди байкап, жамандык кылбайт экенибизди билип алып келип жатат. Карышкыр болсо келбейт болчу. Адамдан коркпогону анын адамдан жамандык көрө элегинен кабар берет. Атын Алиса деп койгонбуз. Атынан чакырсак карайт, бирок атын угуп карайбы же үнүбүздү угуп карайбы белгисиз", - деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.