2017-жылдын жылдын 6-мартында президент Алмазбек Атамбаев парламент кайра-кайра депутаттык комиссия түзүп, ызы-чуу басылбай жатканын сындады.
Расмий маалыматка таянсак, 2010-жылдан 2015-жылга чейин парламентте 45 депутаттык комиссия түзүлгөн. Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши, Ахматбек Келдибековдун кармалышы өӊдүү иштерди иликтеген. 2015-жылдын ноябрында иш баштаган Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышы кайсы окуялар боюнча депутаттык комиссия түздү, жыйынтыгы эмне болду? Негизгилерине токтолобуз...
САРИЕВДИН ОТСТАВКАСЫ - БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ ТРАССАСЫ...
Жогорку Кеңеш 2016-жылдын январында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга бөлүнгөн 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Комиссия түзүүнү "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов сунуштап, 37 миллион доллар ири сумма экенин, андыктан акчанын кайда жумшалганын дыкат текшерүү зарылдыгын айткан. Келишимдин шартына ылайык, Кыргыз тарап 37 миллион долларды Орусияга төлөп бериши керек эле.
Долбоорго эл аралык аудит жүргүзүү зарылдыгы айтылууда.
Жыйынтыгы - 2016-жылдын май айында депутат Шыкмаматов 37 миллион доллар боюнча шектенүүлөр жүйөлүү деп табылганын билдирген. Ушул эле жылдын 1-декабрында Жогорку Кеӊеште Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулуп, анда комиссия тарабынан "көп объекттердин курулуш баасы жогорулатылганы аныкталды" деген маалымат берилди. Комиссиянын мөөнөтү 2 айга узартылган. Акыркы жыйынтыгы угула элек.
ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ...
Кезектеги комиссия 2016-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишин, айрым дипломаттар жөнүндө чуулуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн. Комиссия түзүүгө ММКларга тараган маалыматтар түрткү болгон эле. Тагыраагы, Казакстанда маанилүү жыйындан чыгып кеткен дипломаттын жүрүм-туруму, кылмыштуу иштерде аты аталган адамдардын ТИМде иштеп жатышы, адам укуктары боюнча АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасына ТИМдин кайтарган "өлкөнүн саясий системине басым жасоо аракети, саясий шантаж" деген жообу иликтенди.
Жыйынтыгы - комиссиянын жыйынтыгы калктын калыӊ катмарына белгисиз.
ЖАРАНДАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЖООПКО ТАРТКАНДАР...
2016-жылдын октябрында Жогорку Кеңеште дагы бир комиссия түзүлдү. Комиссия Бакиевдердин мурунку мүлктөрүнүн сатылышын, 2010-жылкы баш аламандыкта жоголгон мүлктөр, банк уячаларын талап-тоноо фактыларын, "Мегаком, “Бишкек мунай компаниясы” ишканасынын мүлкүн, “Кыргызтелеком" көзөмөлдөгөн интернет тарифтеринин негизсиз көтөрүлүшү, убагында Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга тиешелүү болгон "Мегаком", “Дастан”, "Азия универсал банкы" жана убагында Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон улутташтырылган мүлктөрдү сатуу иштерин териштирет.
Жыйынтыгы - комиссия ишин аяктай элек. Комиссиянын алгачкы жыйыны үстүбүздөгү жылдын 31-январында өткөн.
КУРТТАГАН УН САТЫЛБАСЫН...
Былтыр сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду карылар үйүнө, лицейлерге курттаган ун сатып жатканын айтып чыккан. Бул боюнча видеотасма да жарыяланган. Айтылган маалыматты текшерүү үчүн 2016-жылдын октябрында депутаттык комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүздү.
Курттаган ун тууралуу маалымат коомчулукта катуу нааразычылыктарды жаратты. Фонд жетекчилиги депутаттын сөзүн жалганга чыгарып, андай факт жок экенин айтууга үлгүрдү.
Жыйынтыгы - комиссиянын чечими декабрда чыгып, факт ачыкталган. Чечимде курттаган ун 10 күндүн ичинде жок кылуу, Эсептөө палатасына жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик материалдык резерв фондуна текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берүү талаптары камтылган. Өкмөттүк комиссия да фонддун унун пайдаланбоо чечимин чыгарган.
КУЛАГАН УЧАКТАГЫ ЖҮК КИМДИКИ?..
2017-жылдын 16-январында Бишкектин четине Боинг учагы кулап, 40ка чукул адамдын өмүрүн алып кетти. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө. Ал эми учактагы 85 тонна жүк кимге таандык экенин иликтөө үчүн Жогорку Кеӊеш кырсыктан 3 күндөн кийин депутаттык комиссия түзгөн. Курамында Жанар Акаев, Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, Мирлан Бакиров, Мыктыбек Абдылдаев, Өмүрбек Текебаев, Максат Сабиров жана башка депутаттар бар.
Коомчулук бул комиссиянын ишине кайдыгер эмес. Кандай жыйынтык чыгарары кызык.
Жыйынтыгы - комиссия ишин аяктай элек. Комиссия канча жолу отурум өткөргөнү, текшерүүлөрдүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат бериле элек.
ТЕКЕБАЕВ, САЛЯНОВА, ШЫКМАМАТОВ...
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" боюнча айыпталууда. Ага 2016-жылдын декабрында кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатат. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Бул окуя боюнча да Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын февраль айында депутаттык комиссия түзгөн. Бул комиссия депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча да иликтөө жүргүзөт.
Жыйынтыгы - депутаттык комиссия ишин аяктай элек. Комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков бул комиссия түрдүү себептерден улам бир да жыйын өткөрө электигин, атүгүл комиссия төрагасы шайлана электигин айтууда.
МИНИСТРДИН ИШИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ...
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин ишин текшерүү үчүн 2017-жылдын февралында депутаттык комиссия түзүлдү. Сунуштун автору - “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева. Маалыматтарга таянсак, дарыгерлер "министр кысым көрсөтүп жатат" дешип аталган депутатка даттанышкан. Комиссия ушул жагдайды иликтейт.
Жыйынтыгы - комиссия ишин аяктай элек. Бул комиссиянын иши кандай жүрүп жатканынан да коомчулук кабарсыз.