Бишкек шаарынын тургундары борбор калаанын көчөлөрүндөгү дарактардын кыйылып жатканын токтотуу боюнча кол топтоп жатышат. Учурда интернеттеги петицияга 1000ден ашуун адам кол койду. Демилгени "Арча" коомдук фонду көтөрүп чыккан.
Аталган фонддун кайрылуусунда калаадагы бак-дарактар - шаардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу жалгыз фактор болуп саналары белгиленген. Кайрылуу шаар мэри Албек Ибраимов менен вице-мэр Эркинбек Исаковдун атына жазылган.
"Дарактар адамдардын өлүмүнө себеп болуп жатат дешүүдө. Бактарга жетиштүү көңүл бурулбаганы, профессионалдык деңгээлде каралбагандыктын кесепти ушундай болууда. Мындан пайдаланып муниципалдык кызматтар унаа токтотуучу жайларды кеңейтүүнү көздөп жатышат. Унаа токтотуучу жайлар дарактардын алдындагы топурактын катууланышына алып келет. Шаарыбыздын жашыл фонду - эмгек менен жаралып, өткөн муундан калган мурас. Эмне үчүн жаңы технологиялар заманында шаарыбыздын жашыл капиталы жок кылынышы керек?" - деп билдирет "Арча" коомдук фонду.
Биология илимдеринин кандидаты, эколог Эмил Шүкүров жооптуу кызматтардын "дарактардан адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралууда" дегенин шылтоо деп сыпаттады. "Имараттардын, унаа токтоочу жайлардын курулушу менен шаардын жашыл фонду кыскарып, азыркы тапта жарды болуп кетти. Жашыл дарактарга каршы күрөш жүрүүдө деп айтса болот. Адам өмүрүнө коркунуч жаратууда деген шылтоо менен шаардагы чоң дарактар жок кылынып жатат. Чындыгында анын авариялык абалда экенин аныктоочу критерий жок. Адамдар баспаган жерлерде дагы дарактар кесилип жатат. Ооба, картайган дарактарды кесүү керек, бирок бир дарактын ордуна 100ү кесилип жатпайбы", - деди.
Э.Шүкүров шаардын жашыл фондун калыбына келтирүү үчүн өзү концепция иштеп чыкканын айтып, ошол жакта каралган эрежелер сакталса шаар кайра жашылданат деген үмүт бар экенин кошумчалады.
Бишкек мэриясынын алдындагы "Жашылдандыруу" ишканасынын башчысынын орун басары Нурлан Касымов петицияда көрсөтүлгөн көйгөйлөр көп жылдан бери айтылып келгенин билдирди.
"Жашылдандыруу" ишканасы кургап калып, кооптуу абалга келген дарактары гана кесип жатат. Кышында эмне болгону эсиңизде бар да. Машиналарга кулап, адамдарды басып калып өлүмгө алып келген учурлар болду. Кайсы бир жеке ишкердин каалоосунан улам же унаа токтотуучу жайды куруу максатында кыйылган жок. Шаардыктардын коопсуздугу үчүн ал дарактарды кыюу керек. "Арча" коомдук фонду жазып жаткан маселелер кечээ эле пайда болгон жок. Шаарды жашылдандыруу боюнча концепция иштеп чыкканбыз. Анда азыркы депутат Э.Шүкүровду, аталган фонддун өкүлдөрүн чакырганбыз. Өткөн жылдын ноябрь айында тегерек стол өтүп, резолюция кабыл алынган. Петицияда айтылган көйгөйлөр концепцияда бар. Орозбеков, Панфилов көчөлөрүндөгү дарактардын отургузулганына көп жыл болду. Биз кесип жатканда дарактардын ичи кургап калганын көрдүк" деди Касымов.
Дарактардын кургап калганын аныктоочу жабдуу жок экендигин кошумчалап: "Аныктоочу жабдууну Европадан алалы дегенбиз, бирок кымбат экен. Биз мэрия каалап жатат деп кесип салбайбыз. Бир канча комиссия иштейт, ал жерде ар бир даракка акт түзүлөт. 10 дарак кыйсак 15тей көчөт отургузабыз", - дейт Нурлан Касымов.
Улуттук илимдер Академиясынын вице-президенти Биймырза Сатыбалдиев шаарды жашылдандырууда жашоочулардын салымы болуш керек деген пикирде.
"Советтер союзу учурунда Фрунзе жашыл шаар аталып, союзга кирген шаарлардын арасында 3-орунда турчу эле. СССР тарагандан кийин көп нерсе каралбай калды. Маселени жолго сала турган министрликтер, мекемелер иштебей калышты. Акыркы 2-3 жылдан бери жашылдандыруу багыты боюнча иштер алып барылып жатат. Бирок көйгөйлөр бар. Кечээ эле мага телефон чалып, Чүй менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде короодогу 10-15 метрлик дарактарды кесип жатышат", - деп айтышты. Бул жаатты сөзсүз түрдө тартипке келтириш керек. 60-40 жаш болгон картайган дарактарды кыйып, кайра отургузуш керек. Мамлекетке карап отура берсек болбойт. Менин шаарым, менин көчөм деп аракет кылыш керек", - деди Сатыбалдиев.