СУПЕРСТАН: "Баланы басынтуу, ашыкча мактоо дагы туура эмес таасир берет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Биздин балага тарбия берүүдөгү катачылыктарыбыз" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Баланы кичинекей, түшүнбөйт деп анын көзүнчө жаман адаттарды жасай беребиз, мисалы, тамеки чегип, ичип, сөгүнүп, кыйкырып, тырманып жана башка... Анан баланын көзүнчө ата-эненин урушканы, ушакташканы, ашыкча эркелешкени да туура эмес деп ойлойм. Баланы басынтуу, ашыкча мактоо дагы туура эмес таасир берет".

"Дароо, "мен сага токтот деп жатам!" деп айтууга болбойт. Ал сиздин балаңыз да. Эгер кыйкырып алган болсоңуз, жакшысы кечирим сураңыз. Анткени бала өзүн эч нерсеге укуксуз сезип, таарынып калат. Ошол эле учурда басылуунун ордуна жаш балдар ыйлап, ого бетер чыргоолонуп, чоңоюп калгандары үн катпастан кетип калышат да, түнт боло башташат. Кыскасы, жогорудагы одоно сөз каалаган жыйынтыкка жетишиңизге түк жардам бербейт".

"Жаш бала акыл-насаатты түшүнбөйт жана сизди укпастан башка нерселерге алаксып кетет. Бала кыжырданып, таарынып турган учурда сиздин айткан бир да насаатыңызга кулак түрүп койбойт. Ал дагы адам, анын да кандайдыр бир маселелери бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул учурда сиздин эң баалуу, эң туура делген да кеп-кеңешиңиз ага таасир этпейт".

"Балаңыздын көйгөйүнө тоготпогондук көрсөтүшүңүз менен, анын сизге болгон ишеничин жоготуу тобокелдигине барып жатасыз. Мындан соң балаңыз сизге өтө орчундуу болгон маселелерин да айтпай калат. Бул өзүңүзгө эле жаман".

"Элдин балдарын карачы, а сен болсо илээнди, жүүнү бош" ж.б. ушуга окшогон сөздөрдү балага “жармаштыра” берүүнүн кереги жок. Бул нерсе баланын өзүнө болгон баалоосун түшүрөт".

"Сиз балаңызды башкаларга салыштыра берсеңиз, анда балаңызда көрө албастык сезими пайда болот. Эң эле натыйжалуу салыштыруу бул, баланын өзүнүн кечээкиси менен бүгүнкүсүн салыштырып, мактоо болуп эсептелет".

"Дүйнөдө эч ким идеалдуу эмес. Катачылыкты ар бир адам кетирет. Андыктан балаңыздан идеалдуулукту талап кылганыңыз туура эмес. Анын да адашууга, кемчилик кетирүүгө укугу бар. Баланы өзү кандай болсо ошондой кабыл алуу маанилүү. Бирок баланы жакшыга шыктандырып, жакшысын ашырып, жаманын бир аз жашырып, изги иштерге жол көрсөтүп, кези келсе дос катары мамиле кылуу керек".

"Балаңыз уурулук кылып жатабы? Демек, сиз ага белек-бечкек бербей жатасыз! Балаңыз башкаларды урмат кылбай жатабы? Демек, сиз анын жанында катуу добуш менен сүйлөйсүз! Перзентиңиз башкаларга карата агрессивдүүбү? Демек, сиз ага карата копол мамиле кыласыз! Балаңыз алсызбы? Демек, сиз аны көп коркутасыз!"

"Бала айтканды кылбайт, көргөндү кылат" дегенди угуп, чын эле деп ойлоп калдым. Өзүбүздөгү кемчиликти көрбөй, баланы урушуп, "түздөй" беребиз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba_00
2017-03-14 17:02:05
Баякуну катуу карт кекирдим эле, кызым да ошенте баштады эми, озум уялып калдым, ушундай мелочторду байкабай калат экенбиз да, бизди коруп бала тарбия алат деген чын.
+2
Kroxa
2017-03-15 11:13:20
Баланы кыйкырып окуруп урушкандар четтен чыгат да бизде...туура тарбия бул 6 жашка чыккыча жайына койуп анан тушунуп калган кезде соз менен тушундуруп тарбиялоо туура..басынтып уруп согуудан эч майнап чыкпайт..балага эле жаман..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан