Жашообузду көрккө бөлөгөн жана жеңилдеткен 5 ойлоп табуу

Убакыттын өтүшү менен технология өнүгүп, ойлоп табуучулар суктанарлык, укмуштуудай ачылыштары менен дүйнө элин таң калтырууда. Төмөндө сиздерге акыркы жылдардагы гениалдуу ойлоп табууларды сунуштайбыз.

1. Ойготуучу-килемче

Атайын көрсөтүлгөн убакытта Ruggie долбоорунун ойготуучу-килемчесинен тандалган музыка чыгат, аны токтотуу үчүн ойгонгон адам үстүнө эки буту менен 3 секунддан аз эмес убакыт туруусу керек. Бир бут менен аны токтотууга мүмкүн эмес. Ойготуучу 3 батарейка менен иштейт. 40х60 сантиметр өлчөмүндөгү ойготуучу килемченин баасы болжол менен 7500 сом.

2. Чөгүп кетүүдөн сактаган билерик

Америкалык дизайнерлер жарым секунддун ичинде куткаруучуга айланып кетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ билерикти ойлоп табышты. Сууга түшүп жаткан адам кооптуу абал жаралганда билериктеги баскычты басып койсо, гаджет суу үстүндө калкып турууга жардам берет.

3. Басып баратканда дизайны өзгөрүлүүчү спорттук бут кийимдер

Спорттук бут кийимдердин сүйүүчүсү болсоңуз же жөн гана күн сайын ар кандай дизайндагы кроссовка кийүүнү кааласаңыз, бул ойлоп табуу сиз үчүн. ShiftWear деп аталган бул бут кийимдердин түстүү жана ийилген E-Ink-дисплейи бар. Атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен кроссовканын сырткы көрүнүшүн алмаштырып турса болот. Бут кийимге ак-кара же түстүү сүрөттөрдү, анимацияны коюуга мүмкүнчүлүк бар.

4. Абада калкып турган өсүмдүктөр

Табият менен технологиянын таң каларлык айкалышы болгон бул ойлоп табуу үйүңүздүн көркүн ачып, конокторуңузга жагымдуу маанай тартуулаары шексиз. Мындай өсүмдүк абада калкып, жай айланып турат. Японияда жасалган калкып турган өсүмдүктөрдүн түбү күчтүү магнит менен жабдууланган.

5. Шайтан арабачылардын коопсуздугуна кам көргөн рюкзак

Шайтан арабачылар жол кыймылынын башка катышуучуларына өзүнүн каякты көздөй бурулуп же токтоюн деп жатканы тууралуу техникалык каражаттардын жардамы менен маалымат бере алышпайт. Алардын өмүрүнүн коопсуздугуна кам көрүү үчүн ойлоп табуучулар атайын белгилерди көрсөткөн рюкзактарды чыгарышкан. Рюкзактагы белгилерди көрсөтүү смартфондогу тиркеменин жардамы менен ишке ашат. Рюкзак тиркемеге Bluetooth аркылуу туташтырылат да, шайтан арабаны башкарып бараткан киши оңой жана ыңгайлуу жол менен белгилерди тандап турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sarbo
2017-03-14 17:26:03
соз жок
+2
rahmed
2017-03-14 17:28:52
Ана заман хехе
+6
ABDulHai
2017-03-14 17:47:37
ОхххооооГо биз үчүн булар...
+3
suyun2801
2017-03-15 06:17:32
супер
0
HAPPY.GIRL
2017-03-15 14:51:12
Абада калкып турган гул жакты баарынан.
0
PatriotKG01
2017-03-17 14:33:05
Кросстор канча жкен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан