Нарын облусу боюнча 9 команда катышкан көк-бөрү оюну өтүп жатат

Нарын районунун Эмгекчил айылындагы Кур-Терек сайында 9 команданын ат салышуусунда көк-бөрү оюну өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Нарын облустук Көк-бөрү федерациясынын вице-президенти Таалайбек Баялиев SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, оюн Нооруз майрамына карата уюштурулуп Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунан оюнчулар келишти. Кечээ, 14-мартта башталган көк-бөрү бүгүн жыйынтыкталат.

"Оюндун жалпы байге фонду 195 миң сом. Нарын облустук Көк-бөрү федерациясынын президенти Нариман Түлеев 100 миң сом, облус башчысы Аманбай Кайыпов 50 миң сом бөлгөн. Ошондой эле таймашка катышкан ар бир команда 5 миң сомдон топтогонбуз", - дейт Т.Баялиев.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен командалар акчалай сыйлыктарга ээ болот.

1-орунга 70 миң сом;
2-орунга 50 миң сом;
3-орунга 30 миң сом;
4-орунга 20 миң сом;
5-орунга 10 миң сом;
6-орунга 5 миң сом.

"Буга чейин Нарындын жана Нарын облусунун губернаторунун 3 жолку кубогун уткан Нарын районунун "Кара-Жырга" командасы алдыда бара жатат. Экинчи орунда Ак-Талаа районунун "Кадыралы" командасы келе жатат. Калган орундар оюндун жүрүшүндө белгилүү болот", - деп кошумчалады Баялиев.

Көптөн күткөн кызыктуу жана олуттуу таймашка катышып жаткан оюнчулардын бири Кайрат Турсунбек уулу байгелер жөнүндө кызыгып сурап көргөн эмес. Эң негизгиси рахат тартуулаган кызыктуу оюнга катышуу.

"Ар бир командада 12ден оюнчу бар. Мен 6-7 жылдан бери көк бөрү оюндарын калтырбай катышууга аракет кылам. Оюн абдан кызыктуу жүрүп жатат, биз оюн учурунда суукту такыр сезбейбиз. Өкүнгөнүбүз, биздин Жерге-Тал айылдык командабыз оюндан четтетилди", - деди көк-бөрүчү Кайрат Турсунбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан