Бүгүн Дыйкан базарынын соодагерлери Москва-Фучик көчөсүнүн кесилишинде нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына соодагер Гуля Курамаева билдирди.
"Дыйкан базарын жабуу максатында Дыйкан базарга кеткен жолду Москва көчөсүнөн баштап кубаттуу техникалар менен Ленин райондук администрациясы бир тараптуу казып таштады. 3 миңден ашуун соодагерлердин тагдырын ойлобогон район акими базарды жабуунун ар кандай жолун ойлоп жатат. Буга чейин базардын санитардык абалы талапка жооп бербейт деген шылтоолорду айтып келген. Эми минтип жол, көпүрө курабыз деген жүйөөнү карманып жатышат. Буга каршы болгон эл 3 күндөн бери жолдун экинчи тарабын казып салбасын деп каршылык кылып жатабыз. Бүгүн дагы 100дөн ашуун адам каршылык акциясына чыгабыз", - деп билдирди Курамаева.
Эске салсак, буга чейин Дыйкан базарынын соодагерлери бир канча жолу митингге чыгып, базардын жабылышына нааразычылык билдирип келишкен.