Бүгүн, 13-мартта Ак үйдүн алдына "Дыйкан" базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүүдө.
"Иштеп жаткан базарды көчүрөбүз деген аракетти Ленин районунун администрациясы менен Бишкек шаардык мэрия көрүп жатат. Биз ага каршыбыз. Элди кыйнашпасын", - дейт соодагер Анаргүл Нематова.
100дөн ашуун митингчилер шаар мэри Албек Ибраимовдун кетүүсүн талап кылып, "Урматтуу президент, мыйзамсыздыкты токтотуңуз!" деген плакаттарды көтөрүп алышкан.