Боинг кырсыгында жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсеп жабылды, жалпы 96 миллион 532 миң сом чогулду

14-март, саат 17:00гө карата Боинг кырсыгында жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 96 миллион 532 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чогулган акча өкмөттүк комиссияга өткөрүлүп берилет.

"Бүгүндөн тарта ачылган атайын эсеп жабылды. Чогулган акчаны таратууда ачыктык үчүн комиссиянын курамына жабырлануучулар да кирет", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алды. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mirkaa5182
2017-03-15 11:40:20
Ачык, адилет бөлүштүрүлсүн.
+1
meni_kut
2017-03-15 11:42:54
админ кечээги дача суу боюнча митингдин темасы кайда?шилтеме берип койгулачы.Рахмат
+1
admin_portal
2017-03-15 12:21:27
meni_kut, саламатсызбы? http://www.super.kg/kabar/news/179993/
0
nuke1988
2017-03-15 12:00:54
Бир сомун алып калбай бергиле жабыр тарткандардын уй булосуно иен болуп
-1
Kroxa
2017-03-16 10:46:20
Бул акчага 90 квартира сатып алып кочуруп койушсаа,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан