Бүгүн, 15-мартта 5 өлкөнүн элчилери президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырды. Алар: Кыргыз жериндеги Индиянын элчиси - Лакшманан Сависри, Ооганстандын элчиси - Мохаммад Исса Месбах, Кот-д,Ивуардын элчиси - Бернар Тано-Бучуе, Латвиянын элчиси - Юрийс Погребнякс, Эфиопиянын элчиси - Ауалеу Гобезие Воркенех.
Өлкө жетекчиси Кыргыз жеринде жаңыдан ишин баштаган элчилердин ишине ийгиликтерди каалады.
Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде башынан 2 революция өткөргөнүн, кыргыз эли ачык жана эркин коом, демократиялуу мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө оор шартта жеткенин белгиледи.
"Кыргыз мамлекети тынчтыкка, туруктуулукка жетишти. Бүгүнкү күндө өлкө улуттук жана маданий кайра жаралуунун тарыхый этабын басып өтүүдө. Дүйнөгө уникалдуу долбоор - Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун тартууладык. Дүйнөлүк экономикалык жана каржылык кризиске карабай акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички дүң продукциясы туруктуу өсүүдө", - деди Атамбаев.