Алмазбек Атамбаев: "Журналисттер, көзүңөрдү ачкыла!"

Бүгүн, 15-мартта 5 өлкөнүн элчилери президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырды. Андан кийин мамлекет башчы Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу пикирин айтты. Өлкө жетекчиси өлкөдө сөз эркиндиги жаман эмес деп эсептейт.

"Кыргыз Республикасы сөз эркиндиги боюнча чөлкөмдө алдынкы орунда турат. Коомдук пикир бүгүнкү күндө мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга, атүгүл кадр маселелерин чечүүгө таасир этүүдө. Апрель революциясынан кийинки жетишкендиктерибиздин бири - Кыргыз мамлекети реалдуу сөз эркиндиги бар өлкөгө айланды. Жакында кескин билдирүү жасоого аргасыз болдум. Жарандар социалдык түйүндөрдө жана ММКларда ушактар, жалган-жалаалар ачык эле таратылып жатканына тынчсызданып жатышат. Бардык цивилизациялуу өлкөлөрдө жалган-жалаа тараткан ММКларга катаал чаралар көрүлөт. АКШ, Германия, Бельгия, Швеция, Улуу Британия жана башка. Ачык айтышым керек, ушак таратууга байланыштуу кылмыш иштеринин болушун каалабайм. Бирок ушак айткандар жооп бериши керек. Пайгамбарыбыз ушакчыны бир тууганынын этин жегенге салыштырган. Журналисттер, журналисттик этиканы сактоого чакырам. Мыйзам жарыяланардан мурун маалыматты текшерүүнү талап кылат. Эркиндик - бул жоопкерчилик. Президенттин аброюн коргоо боюнча 2 гана ММКнын үстүнөн арыз берилди. Булар бир топ жылдан бери атайын каралап жатышат", - деди Атамбаев.

Президент бийликти сындаган көп журналисттер Бакиевдин тушунда майлуу-сүттүү кызматтарда турганын белгилеп, "урматтуу журналисттер, көзүңөрдү ачкыла!" деди.

Айта кетсек, Индия, Эфиопия, Латвия, Кот-д'Ивуар жана Ооганстандын элчилери Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан