Бишкекте бүгүн, 15-мартта өткөн маалымат жыйынында медицина кызматкерлери Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысынын мыйзамсыз иштери боюнча президентке кайрылуу жасашты.
Маалыматка караганда 2016-жылдын ноябрь айынан тарта шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Кубанычбек Кулбатыровдун ишмердүүлүгү боюнча нааразычылыктар айтылып, ал боюнча министрликтин алдында атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынтыгында бул комиссия К.Кулбатыровдун шаардык медициналык кызматкерлерге карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөнүн аныктап, 14 пункттан турган маалым кат даярдаган. Маалым кат Бишкек шаардык мэриясына 2 жума мурун жөнөтүлүп, бирок алардан эч кандай жооп келген эмес.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиевдин айтымында, 14 пункттан турган тартип бузуулардын көпчүлүгү кызматкерлерге карата болгон мыйзамдан сырткары иш-аракеттер. Ал эми калган бөлүгү медициналык буюмдарды сатып алууга байланыштуу департаменттин одоно каталары.
Эскерте кетсек, мындай кадамын К.Кулбатыров саламаттыкты сактоо системин реформалап жаткандыгы менен түшүндүргөн.